Бир аптада маңзатты мыйзамсыз сактоо боюнча 8 факт катталып, 2 килограммдан ашык героин алынды
Бир апта аралыгында баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо боюнча 8 факт аныкталып, 2 килограммдан ашык героин алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-февралдан 15-февралга чейин жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 7 кылмышка шектүү кармалган. Аларды кармоо учурунда жанынан чоң көлөмдөгү баңгизаты табылган.
15-февралда Бишкек шаарынан 44 жаштагы КРнын жараны кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан 1 килограмм 977 грамм героин табылган. Табылган баңгизат Орусияга жөнөтүлмөк. Эксперттердин баамында, ал 1,5 миллион сом болмок. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Саламатсыздарбы! Маңзат менен баңгизат синоним сөздөр.