super.kg logo

Ош. Мектеп окуучулары республикалык интеллектуалдардын сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алышты

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде республикалык илим-техника жана өндүрүш жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылып, өткөрүлгөн сынакка таланттуу балдардын иштери сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы 53 орто мектептин окуучуларынын колунан жаралган «Жаныбарлар жылдыздардын аталышында», «Аалам чегине саякат», «Илим-техниканын жетишкендиктери» темаларында сүрөт көргөзмөлөрү, кийиз, пайеткалар, сайма, күрүч, төө буурчак жана башкалар менен жасалган макеттер сунушталган. Мыкты деп табылган иштер республикалык интеллектуалдардын сынагына жана шаардык балдардын көргөзмөсүнө катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жумалыктын алкагында өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын олимпиадасына Ош шаарынын командасынын атынан №4-Киров мектебинен Караев Кайрат, Киргизбаев Бексултан, №20-Раззаков мектебинен Эсенбаев Бексултан, №52-«Кыргыз-Түрк достугу» мектебинен Бакытбек уулу Бексултан катышып, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышып, атайын сертификатка ээ болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: