Мектеп окуучуларын декабрь айында каникулга таратууну депутаттар сынга алышты
"Суук катуу түшкөн учурларда мектеп окуучулары менен ЖОЖдун студенттерин кышкы каникулга чыгаруу практикасы 2000-жылдан бери эле колдонулуп келет". Бул тууралуу ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айта кетсек, депутаттар жыйын жүрүшүндө "окуучуларды декабрь айында эс алууга жиберүү канчалык туура?" деген суроо узатышты. Жантөрө Сатыбалдиев "кескин суук болуп кеткендиктен, Билим берүү жана илим министри менен кеңешип, окуучуларды кышкы каникулга жибердик. "Билим маанилүүбү же ден соолукпу?" деген суроо туулуп, мен ден соолукту тандадым" деди. Белгилей кетсек, учурда парламентте өлкөдөгү газ жана светтин өчүп жатышы боюнча маселе каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

