Баткен. Кадамжай районунун тургуну кутурма оорусуна чалдыкканы айтылууда
Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну кутурма оорусуна чалдыкканы айтылууда. Маалыматка ылайык, кечээ, 17-февралда аталган райондун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жашаган 1975-жылы туулган Н.А. тамакка табити жоголуп, суу иче албай калганын айткан.
Дем алуусу кыйындаганда райондук ооруканага кайрылган. Н.Ада кутурма оорусунун белгилери байкалып, ал жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Азыркы тапта анализдер алынып, текшерүүлөр жүрүп жатат.
Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

