super.kg logo
  Саясат  

Муниципалдык базарлар, унаа коюу дирекциясынын 2013-жылдагы таза кирешеси 7,5 миллион сомду түзгөн

 

Муниципалдык базарлар, унаа коюу жана токтотуу дирекциясынын 2013-жылдагы таза кирешеси 7,5 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралдагы шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Мурат Исмаилов билдирди. Анын айтымында, аталган ишкана жалпы 22 миллион сом чогулткан. Анын 14 миллион сому чыгымдарга сарпталган.

“Муниципалдык базарлар, унаа коюу жана токтотуу дирекциясы 2008-жылы 350 миң сом, 2009-жылы 8 миллион сом, 2010-жылы 11,2 миллион сом, 2011-жылы 12,4 миллион сом чогулткан. 2012-жылы "Ош базарынын" айланасын оңдоо иштерине жана 102 унаа токтотуучу жайлардын жабылгандыгына байланыштуу кирешенин көлөмү азайган”, - деди вице-мэр. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: