Жол кырсыктарын азайтуунун 3 багытын атады депутат Каныбек Иманалиев
Парламентте бүгүн, 18-февралда жол кырсыктарынын санын азайтуу маселеси
боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев
автокырсыктарды азайтуунун негизги 3 багытын атады.
Автор: Автандил Добулбеков
“Биринчиси – айдоочулук күбөлүктү сатып алууну токтотуу. Бүгүнкү күндө 200 доллардан сатылып жатканы белгилүү. Ал тургай Ак үйдөн алыс эмес жерде эле сатылып жатат. Экинчиси – тармактагы түзүмдү өзгөртүү. Азыр облус, райондогу МАИ кызматкерлерин Жол-кайгуул кызматы кызматка дайындай албайт же иштен ала албайт. ОИИББ же РИИБ чечет. Муну ИИМге өткөрүп берүү керек. Үчүнчүсү – айып пулдарды көтөрүү. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунда айып пулдун аз болуп калганы айтылууда. Муну көтөрсөк болот”,- деди Иманалиев.
Айта кетсек, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда мас абалында адам өмүрүнө зыян келтирген айдоочуларга айып пулду 9 миң сомго чейин көтөрүү жагы каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

