Депутаттар мас абалында кармалган айдоочуларды өмүр бою айдоочулук укуктан ажыратууну сунушташууда
Парламентте бүгүн, 18-февралда жол кырсыктарынын санын азайтуу маселеси боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Депутат Абдрахман Маматалиев сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда мас абалында кармалган жана адам өмүрүнө зыян келтирген айдоочуларды өмүр бою айдоочулук укуктан ажыратуу каралып жатканын билдирди.
“Мас болуп жөө адамды сүзүп кеткендер айдоочулук күбөлүгүнөн биротоло ажыратылып, экинчи рулга отурбашы керек. Бишкекте айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган жаран Баткенге барып күбөлүк албай турган болушу керек. Ал үчүн бирдиктүү маалымат базасын түзүү зарыл”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

