Кыргызстандагы мектептер менен бала бакчалардын 90 пайызы оңдоп-түзөөгө муктаж
Кыргызстандагы
мектептер менен бала бакчалардын 90 пайызы оңдоп-түзөөгө жана жер титирөөгө
туруштук берүүсүн жакшыртууга муктаж. Бул тууралуу 18-февралда билим берүү
министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, жогорудагы маселе боюнча
аткарылчу иштердин планын түзүү зарыл. “Негизинен капиталдык салымдар жаңы
мектептердин курулушуна багытталат. Өкмөт мындай уроо абалындагы мектептерди оңдоону
карап, гранттардын эсебинен чечүүгө аракет кылып жатат”,- деди министр.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

