“Берекет”, “Дордой-Дыйкан” жана “Ала-Арча” базарларында жасалма алкоголдук азыктарды сатуучуларга каршы рейд жүргүзүлүүдө
Бүгүн, 18-февралда “Берекет”, “Дордой-Дыйкан” жана “Ала-Арча” базарларында жасалма алкоголдук азыктарды сатуучуларга каршы рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, КРнын Өкмөтүнүн арактын 1 литринин салыгынын баасы 40тан 60 сомго көтөрүлүшү боюнча токтому күчүнө киргендиктен, жасалма арак саткандар көбөйгөн.
“Мамлекеттин бюджетине арак сатуудан кирешенин толугу менен түшүшү үчүн “Берекет”, “Дордой-Дыйкан” жана “Ала-Арча” базарларында милиция кызматкерлери менен биргеликте рейддер жүргүзүлүүдө”,- деп маалымдады мекеменин басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















