Ош. Кытай консулдугу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү пландалууда
Бүгүн, 18-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кытай Эл Республикасынын башкы консулу У.Инцинди кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча, Ош шаарынын экономикасынын өнүгүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Башкы консул өз кезегинде элчиликтин шаардагы кеңсесин куруу боюнча жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылды.
Айтмамат Кадырбаев бул маселени чечүү убадасын берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

