Нарынбек Молдобаев, депутат: “Азыр жигиттер кыздарына айдоочулук күбөлүк белек кылышууда”
Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев мас
абалында кармалган айдоочулардын жазасын кескин күчөтүү керек. Бүгүн,
18-февралда өтүп жаткан парламенттик угууда: “Орусияда мас айдоочуларга салынчу
айып пул 500 миң доллар, минип жүргөн унаасынан кымбат. Казакстанда 10 миң
доллар. Адам өмүрүнөн кымбат эмне бар? 2009-жылы айып пулдарды көтөрүү
демилгеси көтөрүлгөндө “акчанын баары МАИ кызматкеринин чөнтөгүнө түшөт” деп
каршы чыктым эле. Бирок таасири болду. Азыр айдоочулук күбөлүктү жигиттер кыздарына
белек кылышууда. Тармакты коррупция каптап бүттү”,- деди депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Молдобаев 2013-жылы Кыргызстанда 17 миң айдоочу мас абалында кармалганын кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн жол кырсыктарын азайтуу маселеси боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

