Бишкек: Депутаттар Жибек Жолу көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин асма жол курууну сунуштоодо
Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңеште
өтүп жаткан парламенттик угууда депутаттар борбор шаарга асма жолдорду курууга
убакыт келгенин айтышты. Депутат Нарынбек Молдобаев Жибек Жолу көчөсүнөн Түштүк
магистралга чейин асма жол курууну сунуштады. “Ушундай болсо, шаарда унаа
тыгындары бир топ азаймак. Жибек Жолу көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин түз,
жол чырагы жок көчө болмок. Айтор, издениш керек. Айрымдар “асма
жолдун 1 метри үчүн 1 миллион сом кетет” деп жатышат. Кытайдан көрүп келдим,
анчалык кымбат болбойт”,- деди Молдобаев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

