super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Активист Айбек Баратов жол эрежесин бузган маданият министри Султан Раевге чара көрүүнү сунуштады

 
Жогорку Кеңеште бүгүн, 18-февралда жол кырсыктарын азайтуу боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Ага катышып жаткан жарандык коомдун атынан активист Айбек Баратов сөз сүйлөп, депутаттардын айдоочуларын жол эрежесин бузбоого чакырды. 

“Жол эрежесин бузган 012 KG деген номурлуу министрликке тиешелүү унаа бар, бүгүн Жогорку Кеңешке кирип келе жатып көрдүм аны. 0036 KG номурлуу унаанын жол эрежесин бузгандыгы видеокамераларга тартылып калган. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин унаасы жол чырактагы кызыл жарыкка токтобой өтүп кеткени тартылган. Маданият министри башкаларга үлгү болушу керек да. Булардын баарына чара көрүүнү сунуштайм”,- деди Баратов. Анын активдүүлүгүнө депутаттар ыраазычылык билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: