super.kg logo

Ички иштер министрлиги: Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасында болгон козголоң боюнча кылмыш иши козголду

 

Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасында болгон козголоң боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 17-февраль күнү саат 10:00 чамасында оперативдүү топ Заур Магомедов жаткан №1-палата кирген. Тинтүүнүн жүрүшүндө бөлмөдөн 20 грамм баңгизаты, бир канча сим-карталар табылган. Андан соң ошол палатада жаткан бейтапты текшерүүгө алышканда ал каршы болуп, ооруканада жаткандарды козголоң чыгарууга чакырган. Мындан улам аталган мекемедеги бардык бейтаптар баш аламандык уюштурушуп, бир тергөөчүнү жана 3 медицина кызматкерин барымтага алышкан.

Барымтада калгандарды куткаруу үчүн ИИМдин Тез чара көрүүчү атайын отряды тартылган. Алар тарабынан асманга 3 жолу ок атылып, козголоңчулар таратылган.

Учурда Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан “ээнбаштык”, “тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Массалык ээнбаштыктын натыйжасында 6 милиция, 3 медицина кызматкери жаракат алып, аталган мекеме 15 миң сомдук материалдык зыян тарткан. Учурда ал жакта абал туруктуу.

Эске сала кетсек, 9-февралда Боом капчыгайында белгисиз бирөөлөр бир милиция жана жол-кайгуул кызматкерин атып кетишкен. Натыйжада бири каза болуп, экинчиси ооруканага жаткырылган. Ал эми кылмышкерлер окуя болгон жерден качып кетишкен. Кийинки күнү, тактап айтканда, 10-февралда жогорудагы кылмышка шектүүлөр Токтогул шаарынын чыга беришиндеги “Бабур” кафесинин жанында күч органдары тарабынан курчоого алынган. Бирок алар колго түшүп берүү талабына көнбөгөндүктөн, атып өлтүрүлгөн.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири 1986-жылы туулган Заур Магомедов болгон. Ал 2010-жылдан 2012-жылга чейин Казакстанда психиатриялык ооруканада дарыланган. Андан соң Кыргызстанга экстрадицияланып, Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасына жаткырылган. Экинчиси 1971-жылы туулган Бердимурат Арчаев болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
18.02.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратып жатышат экен биздин чондор кол чаап жибереличи. Соо адамдарды жинди кылган чондорубуз ошол ооруканага кучотулгон тартипте кароо буйругун чыгарышса болбойбу? Же ошол зектер берген акчаны ИММ карап бергендиги учун баарын алып койобу? Ал жерде медик кызматкерлерине эле кыйын сменде болгону 4тон эле адам турат, кылмышкерлерди чыгарбай койууга кучтору жетпейт.
18.02.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тартипсиздик жетээр жээгине жетти. Ушундай абалда туруп анан бийликтен бир нерсе суранса болобу? Бийлик тартиптуу болгула деп жатса, карапайым эл каалаганын кылып атса биз кантип онугобуз. Эч кимде маданият деген жок. Эч ким озун алып журо албайт, мурдунан алысты коро албайт. Баары эле карангы, тууганчыл, жердешчил. ушундай кебетебиз менен покту да онугобузбу? Дарыгерлердин бул кылганы эмне? Муну кандай тушунсок болот! Дарыгерлер ушунча тартипсиз анан калгандарына кеп жок да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: