Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" документке кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамдын максаты - соода эрежелерине жана экономикалык ишмердүүлүк тармагындагы кылмыштарга шек келтирген администрациялык укук бузууларды эскертүү механизмин жогорулатуу болуп саналат.
Бул максатты ишке ашыруу үчүн КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн аралыгында күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

