super.kg logo
  Саясат  

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» документке кол коюлду

 

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» документке кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамдын максаты мамлекеттин коопсуздугун жана жарандардын кат алышуу, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүнүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка маалыматтардын жашыруундуулугу, жеке турмуштун кол тийгистигине конституциялык укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү болуп эсептелет.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдарына тиешелүү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди.

Тактап айтканда, маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана алып кетүү, атайын каражаттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү, сатуу жана сатып алуу, сертификациялоо эрежелерин бузуу администрациялык жоопкерчиликке тартылары белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: