super.kg logo
  Саясат  

Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев Европага кетүүгө ниеттенүүдө

 

Экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын күйөөсү Адил Тойгонбаев Орусиядан европалык өлкөлөрдүн бирине кетүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу кечээ, 18-февралда өздүк булактарга шилтеме берүү менен орусиялык ММКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Тойгонбаев Орусияда экинчи жолу кармалып, эркиндикке бошотулган соң Орусиянын Федералдык миграция кызматына баш паанек алуу боюнча арыз жазган. Бирок арызын кайтарып алган.

Эскерте кетсек, Адил Тойгонбаев 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда бошотулган. 15-февралда ал экинчи жолу кармалып, 17-февралда чыгарылган.

Белгилей кетсек, Адил Тойгонбаев Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлөнүүдө: алдын ала сүйлөшүлгөн боюнча адамдардын тобу тарабынан алдамчылык, салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн баш тартуу, уурулук.

2005-жылдын август айында КРнын Башкы прокуратурасы Адил Тойгонбаевди камакка алууга буйрук чыгарган. Ал Кыргызстандан качып кетип, издөө жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: