super.kg logo
  Саясат  

“Министрдин айтымында, Улуттук госпиталда комага түшкөн аял тамчылатма дары алып жаткан учурда картошка жеп алган имиш” дейт Алтынбек Сулайманов  

 
Парламенттин 19-февралдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов Улуттук госпиталда каза болгон аял боюнча саламаттыкты сактоо министри жалган маалымат бергенин айтып чыкты. “Маркумдун туугандары өлүктү үйүнө алып кетели дешсе, министр денени союш керектигин айтыптыр. Көрсө, маркум аял тамчылатма дары алып жаткан учурда картошка жеп алган имиш. Ушул кантип болсун, башка убакта эмес, капельница алып жаткан учурда гана тамактаныптыр”,- дейт депутат.

Сулайманов депутаттарды саламаттыкты сактоо министрине болушпоого чакырды.

Эскерте кетсек, 13-февралда аталган ооруканада Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашевдин келининин (инисинин аялы) комага түшүп калуусу боюнча ызы-чуу чыккан. Оорулууну караган дарыгерге аталган депутаттын кол көтөргөнү айтылган. Ал эми депутат дарыгерге кол көтөрбөгөнүн, дарыгер туура эмес диагноз коюп, келини комага түшүп калганын билдирген. Бейтап 14-февралда көз жумду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: