Парламент: Депутаттар Ош жана Жалал-Абад дирекциясынын ишин кароодо өкмөттүн кошоматчылары отурганын айтышты
Парламенттин
19-февралдагы жыйынында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү
дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда.
Депутат Абдрахман Маматалиев дирекциянын иши боюнча маалымат берген өкмөт өкүлүн сынга
алып, аны кошоматчы деп атады. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык
чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетовго кайрылып: “Сиз эмне эле кошоматтанып
жатасыз? Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү дирекциясынын учурунда сиз Нарында
иштегенсиз. Дирекциядагы иштерди кайдан билесиз?”- деп кызууланды. Жыйында Мамбетов дирекцияда мыйзам бузуу иштери болбогонун билдирген эле.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, аталган дирекцияны убагында азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. Депутаттык комиссия дирекциянын ишинде көптөгөн каржылык мыйзам бузуулар болгонун тастыктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

