Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы кызматкерлер үчүн негизсиз чыгым кылып, бюджетке 4 миллион 276 миң сомдук зыян келтирген
Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында депутат Назарали Арипов Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы кызматкерлер үчүн негизсиз чыгым кылып, бюджетке 4 миллион 276 миң сомдук зыян келтиргенин билдирди. Айтымында, дирекциянын кызматкерлери кошумча кызмат акыларды (премия) алып турушкан.
“Ош окуясынан кийин миңдеген жаран кыйналып турганда кошумча кызмат акыларды берүү уят эмеспи. Кызматкерлер 150 миң сомдон айлык алышса, ага кошума акча берилип жатат. Өзүңүз баш болуп кошумча акча алып жатасыз. Буйрукка карабай, 13 кызматкерди ашыкча алгансыңар”,- деди Арипов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

