Ички иштер министрлигинде коррупцияны жоюу боюнча атайын иш-чаралардын планы түзүлдү
Бүгүн, 19-февралда маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев "бир нече милиция кызматкери аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катары ыйгарым укуктарынан пайдаланып, коррупциялык схемалардын мүчөлөрү болуп келишет" деп билдирди.
Анын айтымында, ИИМдин органдарында коррупцияны жоюу максатында төмөнкү иш-чаралардын планы түзүлдү: кызматка дайындоо жана жумушка алуудагы коррупцияга каршы сынак, Жол-кайгуул кызматындагы пара алууга каршы "Коопсуз шаар" долбоору, жарандардын арыздарын жана кайрылууларын кабыл алууга "Электрондук КУП" долбоору ишке ашырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

