super.kg logo
  Саясат  

Нарынбек Молдобаев: "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы класстык чини бар кызматкерлер айлыгына кошумча акча алышкан"

 

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы класстык чини бар кызматкерлер айлыгына кошумча акча алышкан. Муну бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында депутат, аталган дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Нарынбек Молдобаев айтты. Муну өкмөт башчы моюнга алды. "Ооба, ошондой болгон. Бирок дирекцияда класстык чини бар жалгыз гана Жантөрө Сатыбалдиев болчу",- деди өкмөт башчы. Жантөрө Сатыбалдиев Ош окуясынан кийинки оор шартта иштегени үчүн дирекциянын кызматкерлеринин айлыгын жогору кылууга туура келген.  

Айта кетсек, парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: