Шаар тургундары 600дөн ашык бургулоочу скважиналар аркылуу суу менен камсыз болушат
Бишкек шаарында 600дөн ашык бургулоо скважинасы бар. Алар аркылуу шаар тургундары суу менен камсыз болушат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди.
Анын айтымында, бургулоочу скважиналардан күнүнө анализ алынып турат. Анализдин жыйынтыгына караганда, суунун сапаты жакшы. Сууну тазалабай ичсе болот.
Ал эми шаардык кеңештин айрым депутаттары сууда хлор ашыкча болуп жатканын белгилешти. Буга вице-мэр: “Суунун курамында сөзсүз хлор болушу керек. Белгиленген өлчөмдө кошулуп жатат”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

