super.kg logo
  Саясат  

2013-жылы 3829 милиция кызматкери мыйзам жана кызматтык тартипти бузган

 
2013-жылдын ичинде 3829 милиция кызматкери мыйзам жана кызматтык тартипти бузган. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралдагы маалымат жыйынында КРнын Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдын көрсөткүчү 2012-жылга салыштырмалуу 17,1 пайызга аз. 2012-жылы 4617 мыйзам бузуу катталган.
"2013-жылы 171 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын 26сына "пара алуу", 62сине “бийликти кыянаттык менен пайдалануу”, 12сине "шалаакылык", 14үнө "баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү", 15ине "каракчылык" жана "тоноо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон",- деди Жусубалиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: