super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: “Июнь окуясынан кийин “Ошту бульдозер менен сүрдүрүп салып, жаңы шаар курабыз” дегендер чыккан”

 
2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин Ош шаарын бульдозер менен тегиз сүрдүрүп салып, жаңы шаар курууну айткандар чыккан. Муну бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишине баа берүүдө ошол учурдагы кырдаалды эске алуу зарыл. “Шаарды сүрдүрүп салып, жаңы шаар курууну айткан саясатчылар чыккан. Бирок аны жасай алат белек? Бөлүнгөн акчага алтындан үй куруп коюуга мүмкүн болчу. Бирок элде ынтымак болбосо, ал үйгө ким жашайт?”- деди өкмөт башчы.

Жыйында аталган дирекция курган үйлөрдүн начар абалы чагылдырылган видеотасма көрсөтүлдү. Көпчүлүк депутаттар курулуш иштери сапатсыз жүргөнүн белгилешүүдө.

Айта кетсек, парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: