Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык айым туулган күнүнө 4 күн калганда өлтүрүлдү
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 16-февраль күнү 27 жаштагы кыргызстандык айым өлтүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Орусиядагы КРнын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 16-февралда саат 23:00 чамасында Санкт-Петербургдун Москва районунда өлтүрүү фактысы катталды. Орусиянын полиция кызматкерлери кылмышка шектүү деп Өзбекстандын жаранын кармашты. Ага карата кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кыргызстандык айым 1986-жылы 20-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Каарман айылында туулган.
Санкт-Петербург шаарындагы КРнын консулдугу анын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча чараларды көрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат!
Бул эскертүү баардык колдонуучуларга тиешелүү! Эскертүүгө көңүл бөлбөстөн эреже бузгандар катуу жазаланат!
Жаңы катталган суперстандыктар КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү (добуш берүү, Суперстандын саясат жана коом бөлүмүнө билдирүү жазуу, Соңку кабардын саясат, коом рубрикасына комментарий калтыруу... ж.б.) чектелген.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынат!
жаткан жерлери тар, сыз, коркуп үркүп.
ушунун эмне кереги бар, өз үйүң өлөң төшөгүң дегендей, өз жерибизде ата эне, туугандарынардын маңдайында эле жүргүлөч
Саламатсызбы!
Бул кабар Орусиядагы КРнын элчилигинин басма сөз кызматы берген маалымат боюнча жазылган.
Провокацияга жол береилбейт!