Кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев мара сызыгын 1 мүнөт 34 секундда кесип өтүп, азырынча 68-орунду ээлеп турат



Бүгүн, 19-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында кыргызстандык Евгений Тимофеев тоо-лыжа спортунун слалом-гигант түрү боюнча биринчи жарышында 1,5 чакырым аралыкты 1 мүнөт 34,65 секундда кесип өттү. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 109 спортчунун ичинен жарышка жүзүнчү болуп чыккан Тимофеев бул көрсөткүчү менен 68-орунду ээлеп турат. Жарыштын лидери менен Тимофеевдин көрсөткөн жыйынтыгынын ортосунда 13,57 секунд айырма бар.
Кыргызстандыктын катышуусундагы кезектеги жарыш Бишкек сааты боюнча 16:30да башталат. Эске салсак, спортчу жүзүнчү болуп жарыш майданына чыгат.
Евгений Тимофеевдин биринчи жарышы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Башка сайтка шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!