super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Осмоналиев, депутат: “Маалымат жыйын берген аялдар Эстониядан келген коногумдун алдында мени уят кылышты”

 
Парламенттин 19-февралдагы жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев 18-февралда Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү дирекциясы боюнча маалымат жыйын берген өкүлдөрдү сындады. Айтымында, маалымат таратууда абайлоо зарыл. 

“Маалымат жыйынында аялдар “бул депутаттар качан кетишет, чекеге чыккан чыйкан болушту” деп жаман сөздөрдү айтышууда. Үйдө телевизор көрүп отургам. Бала-чакам, келиндерим, Эстониядан келген коногум бар эле. Орус мүнөз балам телевизордон жанагы аялдар айткан сөздү эстониялык коногума түптүз маанисинде которуп берүүдө. Ошол жерде өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Бири-бирибизге абайлап мамиле жасасак”,- деди депутат.

Буга жооп берген Жантөрө Сатыбалдиев: “Мени деле канчадан бери жамандап жатышат. Менде деле бала-чака, келин, неберелер бар. Чын эле абайлаш керек”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: