Нарын. Шаардык мэриянын 2012-жылдагы акыркы отуруму болуп өттү
Бүгүн, 19-декабрь күнү Нарын шаардык мэриясынын быйылкы жылга болгон акыркы отуруму мэриянын жыйындар залында болуп өттү. Отурумга шаардык мекеме жетекчилери катышышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Отурумдун күн тартибинде негизги эки маселе каралды. Алгач Нарын шаардык мекеме-ишканалардын аткаруучулук тартиби, иш кагаздарын жүргүзүү жана жарандардын арыз-даттануулары менен иштөө боюнча аткарылган иштердин абалы талкууга алынды. Андан соң шаардык мэриянын жыйынын жана 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн иш планын бекитүү боюнча маселе каралды.
Отурумдун жыйынтыгы менен кемчиликтерге жол берген айрым мекеме жетекчилерине тартиптик чаралар көрүлдү. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

