Депутаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча токтомго добуш бергени жатышат
Жогорку Кеңеш бүгүн, 19-февралда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алуу алдында турат. Депутаттык комиссиянын токтом долбоорунун 1-пунктунда "дирекциянын ишин канааттандырарлык эмес деп табуу" пункту камтылган. Дирекциянын ишине укуктук баа берүү үчүн прокуратурага жана Эсептөө палатасына тапшырма берүү каралган. Токтом долбоору боюнча сунуштар айтылууда. Айрым депутаттар дирекциянын ишин "канааттандырарлык эмес" дебей, "жетишсиз" деп жазуу керектигин айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

