super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында “Атлетико” менен “Бавария” конокто жеңишке жетишти (фоторепортаж)

 
Оюндун нугун эки команда тең таап, дээрлик тең күчтө ойношту.
Үй ээлеринин капитаны Кака бир канча ирет мүмкүнчүлүк тапканы менен гол жарата алган жок.
"Миландын" коргонуусу 80 мүнөт мыкты болгону менен, оюндун соңку мүнөттөрүндө катага жол беришти.
"Атлетиконун" лидери Диего Коста командасын кезектеги оюнда алдыга сууруп чыкты.
"Атлетико"-"Милан" беттешинде дарбазачы Тибо Куртуа мыкты оюнчу болуп табылды.
Оюндун башталышында "Арсенал" эсеп катыштыгында алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бирок, Месут Өзүилдин соккусун джарбазачы Мануэль Нойер оңой гана чыгарып кетти.
"Бавариянын" жарым коргоочусу Арьен Роббенди токтотуунун амалы катары дарбазачы Войцех Щесны эреже бузду.
Эреже бузгандыгы үчүн Войцех Щесны кызыл айып кагащзын алды. Ал эми калыс 11 метрлик айып соккусун буйруду.
40-мүнөт. Давид Алаба 11 метрлик айып соккусунда таамай болгон жок.
54-мүнөт. Тони Кроос оюн эсебин ачты.
88-мүнөт. Экинчи голдун автору Томас Мюллер сезондогу 4-голун киргизди...
"Бавариянын" Лондон шаарында мыкты оюн көрсөтүп, жеңишке жетишерин көпчүлүк футбол адистери болжоп келишкен.

Кечээ, 19-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында италиялык “Милан” өз үйүндө испаниялык “Атлетикого” 0:1 эсебинде, англиялык “Арсенал” өз үйүндө германиялык “Баварияга” 0:2 эсебинде уттуруп жиберди. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, “Арсенал”-“Бавария” тиреши өзгөчө кызыктарга бай болду. Оюндун биринчи бөлүгүндө “Арсеналдын” курамынан Месут Өзил, “Бавариянын” курамынан Давид Алаба 11 метрлик айып соккуларынан пайдалана алышкан жок. Ал эми “Атлетико” конокто “Миланга” тең оюн көргөзүп, оюндун акыркы мүнөттөрүндө 1:0 эсебинде алдыга чыкты.

“Милан” (Италия) - “Атлетико” (Испания) – 0:1

Гол: Диего Коста (83-мүнөт)

“Арсенал” (Англия) – “Бавария” (Германия) – 0:2

Голдор: Тони Кроос (54), Томас Мюллер (88).  

Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 11-мартта орун алат. 






УЕФАнын Чемпиондор лигасы 2013/14. "Милан"-"Атлетико"

УЕФАнын Чемпиондор лигасы 2013/14. "Арсенал"-"Бавария"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
20.02.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коста красава!
20.02.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бавария Утуш керек Финалдан күтөбүз!!!
Медиа-портал
21.02.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат ЧЛ ойундарынын баарын салып турчу, оор болбосо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: