super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште өкмөттүн кыш мезгилине карата көрүлгөн иши канааттандырарлык эмес деп табылды

 

Бүгүн, 19-декабрда ЖКда калкты электр кубаты жана жаратылыш газы менен камсыз кылуу иштерин жакшыртууга багытталган токтом долбоору негиз катары кабыл алынды. Парламентте өкмөттүн Кыргызстан аймагында электр энергиясы менен газ берүүнүн үзгүлтүккө учурашы тууралуу маселе каралып, өкмөт тарабынан энергокаатчылыктын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жаатында маалыматы угулду. Кызуу талаш жараткан талкуу жыйынтыгында калкты электр кубаты жана жаратылыш газы менен камсыз кылуу иштерин жакшыртууга багытталган Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору негиз катары кабыл алынды. Өкмөттүн кыш мезгилине карата даярдык көрүү иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Ошондой эле өкмөткө электр энергиясы менен газ берүүнүн үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктоо жана энергокаатчылыктын кесепеттерин жоюу жаатында бир катар тапшырмалар берилди. Токтом долбоорунда бир айлык мөөнөттө кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн үзгүлтүккө учуратуу көрүнүштөрүнүн себептерин аныктоо жана аларды жоюу, мыйзам жоболорун бузган аткаминерлерди, анын ичинде «Кыргызгаз» ААКсынын (башкы директору – Тургунбек Кулмурзаев) жетекчилигин отставкага кетирүү жана жоопкерчилигин кароо премьер-министрге сунушталды. Эми өкмөт белгиленген мөөнөттө Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: