Ош. Айтмамат Кадырбаев: "Эстакадалык көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз болсо да, элдин тагдырын ойлоп, бүтүрүшүбүз керек"
Бүгүн, 20-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышып жатып: "Башталган көпүрө мыйзамсыз экени аныкталса да, аны бүтүрүшүбүз керек. Үйүңө тооккана курсаң да иш долбоору менен болот. Кандай болбосун, курулуш иши аягына чыгат",- деди.
Автор: Айсана Паизова
Мындан сырткары борбордогу базардын соодагерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрү менен таанышты. Анда Ош шаарынын тургундары үчүн азыркы учурда көйгөй жаратып жаткан эстакадалык көпүрө бүтүрүү негизги маселе болду. Калаа башчы кыска убакыттын ичинде бүтүрөрүн жана азыркы тапта жаңы долбоор иштелип жатканын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

