Панфилов районунда жол кырсыгы катталып, жөө жүрүүчү каза болду
Панфилов районунда жол кырсыгы катталып, жөө жүрүүчү каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-февраль күнү саат 22:20 чамасында Бишкек – Чалдыбар унаа жолунун 76-чакырымында катталган. Анда Хонда Степвагон унаасынын 25 жаштагы айдоочусу 30-35 жаштардагы белгисиз адамды сүзүп алган. Алган жараатынан улам жөө жүрүүчү ошол жерден каза болгон. Учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.