Бишкекте 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт
Эртең, 21-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Буга согуштун жана эмгектин ардагерлери катышышат. Аларга мэрия тарабынан материалдык жардамдар тапшырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, майрамга карата шаардык жана райондук иш-чараларды өткөрүүгө 1 миллион сом каралган. Учурда Бишкек шаарынын социалдык коргоо органдарынын каттоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун 354 катышуучусу, 19 Ленинград блокадачылары турушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

