super.kg logo

Венесуэладагы нааразылык акциясында сулуулар сынагынын жеңүүчүсүн атып кетишти

 

Венесуэладагы нааразылык акцияларынын биринде белигисиз адамдар сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Карабобо Хенесис Кармонаны (Genesis Carmona) атып кетишти. Бул тууралуу 20-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя өлкөнүн түндүгүндөгү Валенсия шаарында болгон. Белгисиз адамдар мотоцикл менен келип, митингге чыгып жаткандарга ок чыгара башташкан. Натыйжада 22 жаштагы сулуулар сынагынын жеңүүчүсү башынан жаракат алган. Ал ооруканада көз жумган.

Хенесис Кармона Валенсиядагы университетте туризм тармагында билим алып жаткан. Ошондой эле модель болуп иштеп келген. Өткөн жылы Карабобо штатында «Туризм периси-2013» наамын жеңип алган.

Кармона 2014-жылдын февралынан баштап уланган бийликке каршы акциялардын бешинчи курмандыгы болуп саналат. 12-февралда дагы 3 адам набыт болгон эле. Өлкөдөгү баш аламандык бийлик менен оппозициянын жактоочуларынын жаңжалынан келип чыккан. Бийлик баш аламандык үчүн оппозиция лидери Леопольд Лопести күнөөлөп чыкты. Анын 18-февраль күнү полицияга өз ыктыяры менен келгени башка шаарларда толкундоолорду жараткан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.02.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш...десе жайы жаннаттан болсун....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: