Кыргыз жана тажик мигранттарга жардам берген Москванын тургуну камакка алынды
Эки кыргыз жана бир тажик мигранттарын турак жай менен камсыздап, жумушка орноштурган Москванын 33 жаштагы тургуну Константин Князьков 2 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Орусиянын прокуратурасынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, ал Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз миграцияны уюштуруу” беренеси боюнча айыпталып, ага 5 миң рубль айып пул салынды.
“Константин Князьков чет өлкөлүк мигранттар Орусиянын аймагында кызмат кылууга уруксаты жок экенин билип туруп, өзү иштеген ишканасына аларды жумушка орноштурган. Мындан тышкары ал мигранттарды турак жай менен камсыздаган”,- деп билдирди прокуратуранын басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Өз адамына да карабай камаганына карганда
мигранттарга эми кыйын болот окшойт