super.kg logo
  Саясат  

Улуттук аскер лицейинин курсанттары Жогорку Кеңеш менен таанышышты

 

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина бүгүн, 20-февралда Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттары менен жолугушту. Карамушкина аскер лицейинде тартип жолго коюлуп, жакшы тарбия менен сапаттуу билим берилип жатканын айтты. Лицейде окуу, албетте, кыйын, бирок силер баарына чыдап, өзүңөрдүн аскердик кайратыңарды чыңдашыңар керек,- деди ал.

Депутат менен жолугушкандан кийин курсанттар Жогорку Кеңештин имаратына экскурсия жасашты. Бишкектеги №24-мектептин окуучулары жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери да парламентте экскурсияда болгонун ЖКнын маалымат кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: