super.kg logo
  Саясат  

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдө курулган үйлөрдүн дубалынан жарака кете баштаган

 
Мунар Абдукаимов үйдүн ээси
Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү жаңы курулган №2-үйдүн 44-батиринин дубалынан жарака кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда үйдүн ээси Мунар Абдукаимов билдирди. Анын айтымында, Июнь окуясында агасына ок тийип, ушул үй берилген. Бирок бул үйгө жашаганына бир жыл боло электе дубалдардан жарака кете баштаган.
"Мына өзүңөр көрүп турасыңар, ашкананын дубалынан жарака кете баштады. Түтүктөрдүн баары Кытай буюмунан жабдууланган",- деди ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 19-февралда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алган.
Токтомдо дирекциянын ишин "жетишсиз" деп табуу жана дирекциянын ишине укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасынын иш жүргүзүшү каралган. Айта кетсек, аталган дирекцияны убагында азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: