Каржы министрлиги: “Быйыл дыйкандарга бериле турган жеңилдетилген насыянын суммасы 4,7 миллиард сом”
“Быйыл дыйкандарга 4,7 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилет”,- деп билдирди бүгүн, 21-февралда КСДП фракциясынын жыйынында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев. Айтымында, каражаттын 400 миллион сому республикалык бюджеттен, калганы банктар аркылуу берилет.
Насыя 2 жылдык мөөнөткө, 9-10 пайыздык үстөгү менен бериле турганы айтылды. Кожошевдин билдиришинче, кошумча булактар табылып калса, насыянын көлөмү 7 миллиард сомго жетиши мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

