Депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөт Ош-Исфана унаа жолун бүтүрүшү керектигин белгиледи
"Ош-Исфана унаа жолунун оңдоло электигинен улам Баткенден шайланган депутаттар өз элине баруудан тартынып калды". Бул тууралуу ЖКнын 20-декабрдагы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда аталган унаа жолу боюнча аракеттер башталып, учурдагы өкмөт тарабынан иш жүргүзүлбөй жатат. "Бул жол Баткен облусундагы миңдеген адамдардын орчундуу көйгөйү болуп чечилбей келет. Өкмөт өз көзөмөлүнө алып, бул унаа жолун аягына чыгарыш керек" деди Зулпукаров. Айта кетсек, учурда парламент жыйынында ар түрдүү маселелер каралып жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

