Кеминде 2-топтогу майып кызды зордуктаган жигитке кылмыш иши козголду
Кеминде 2-топтогу майып кызды зордуктаган жигитке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 21-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, милицияга аталган райондун 62 жаштагы жашоочусу кайрылган. Ал 17 жаштагы 2-топтогу майып небересин белгисиз жигит зордуктап кеткенин айткан.
Белгилүү болгондой, ал кызды алдап чакырып алган. Кийин "өлтүрөм" деп коркутуп, зордуктап салган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү деп Чүй облусунун 25 жаштагы тургуну кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Коомдук этикага туура келбеген талкууну токтотпосоңор сайттан четтетилесиңер!
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.