super.kg logo
  Саясат  

УКМК "Коомдук телеканалдагы "пара талап кылуу" чуусу боюнча иликтөө жүргүзбөйбүз" дейт

 
УКМК “Аалам сырлары” таймашынын тегерегиндеги чуу боюнча ИИМден мурун иликтөө жүргүзбөйбүз" дейт. Муну бүгүн, 21-февралда Super.kg порталына УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди. “Бизге бул окуя боюнча эч кандай кайрылуу түшкөн жок. Алгач Ички иштер министрлиги текшерип, тийиштүү материал болсо бизге жиберет. Ошондон кийин гана биз чара көрөбүз же бирөө арыз менен кайрылышы керек”,- деди Сулайманов. 
Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы "бул иш менен ким алек болуп жатканын билбейбиз, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы карайт болуш керек” дегенден башка маалымат айта алган жок.  
Эскерте кетсек, КТРКдагы "Аалам сырлары" телеберүүсүндө коррупциялык иштер болушу мүмкүн экендигинен кабар берген аудиожазуу пайда болгондон бери эки күн өттү. Бул органдар "улуттар аралык кастыкты козутууга жүйө беришти" деген айып менен "ОшТВ" телеканалына кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө алып жаткан чагы. Ал эми мамлекеттик мекемедеги ири коррупциялык иштерден кабар берген чуулгандуу окуяга көз жумду мамиле кылып жаткандары таң калтырууда.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: