super.kg logo
  Саясат  

Украина: Парламент экс-премьер Юлия Тимошенкону түрмөдөн бошотууга жол ача турган мыйзам кабыл алды

 

Украинанын Жогорку Радасы 21-февралда өлкөнүн мурунку премьер-министри Юлия Тимошенкону түрмөдөн бошотууга жол ача турган мыйзам кабыл алды. Документте Украинанын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү каралган. Мыйзамга каттоодон өткөн 383 депутаттын 310у “макул” деп добуш берди жана талкуу учурунда депутаттар документ экс-премьерди (сүрөттө) эркиндикке чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турганын айтышты. Экс-премьер-министрдин тарапташы Сергей Власенко камактагы Тимошенкону бошотуу үчүн тийиштүү мыйзамдан сырткары соттун чечими керек экенин билдирди. 

Юлия Тимошенкону боштондукка чыгаруу оппозициянын башкы талаптарынын бири болгон.

Эскерте кетсек, акыркы күндөрдөгү кан төгүлүүлөрдөн кийин президент Виктор Янукович оппозиция менен бир пикирге келип, 2004-жылкы Конституцияга кайтып келүү, коалициялык өкмөт түзүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө макул болду. Президенттик шайлоо декабрь айында өтмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: