Өмүрбек Текебаев: "Ош шаарына болгон иш сапарыбыздын өкмөттү отставкага кетирүүгө тиешеси жок"
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 22-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "Ош шаарына болгон иш сапарыбыздын өкмөттү отставкага кетирүүгө тиешеси жок" деп билдирди. Мындан сырткары аймактагы негизги маселелерге токтолуп: "Шаардагы базардын аймагындагы Ак-Буура дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрө кырдаалга байланыштуу тез арада бүтүшү керек. Көпүрө менен таанышып чыккандан кийин жергиликтүү тургундар үчүн кыйынчылыктар жаралып жатканын көрүп жатабыз",- деди ал.
Автор: Айсана Паизова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















