Ош. Бактыбек Калмаматов: "Эстакадалык көпүрөнү курууда базардагы соодагерлердин кызыкчылыгы эске алынганбы?"
Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын имаратында "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны өтүп жатат. Анда ЖКнын депутаты Бактыбек Калмаматов: "Курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнү курууда базардагы соодагерлердин кызыкчылыгы эске алындыбы? Алар үчүн кандай чаралар көрүлдү? Көчөлөрдөгү соода түйүндөрүнүн баары мыйзамдуубу?"- деп суроо узатты. Буга Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алимбай Кадыров: "Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү соода түйүндөрүнүн баары мыйзамсыз иш алып барышат. Айрым мыйзамга баш ийбегендерге чара көрүү боюнча иш пландарды түзүп жатабыз. Соодагерлерге 2-3 ай мурда көпүрө куруу боюнча кагаздар таркатылган",- деп жооп берди.
Автор: Айсана Паизова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















