Бишкекте Мекенди коргоочулардын күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө
Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 22-февралда Мекенди коргоочулардын күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Борбордук концерттик оркестринин жамаатынын катышуусунда майрамдык жыйналышка Бишкек гарнизонунун аскер кызматчылары менен Бишкек шаарынын мектептеринин президенттери катышууда. КРнын Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев артыкчылык менен кызмат кылгандарга медалдарды жана баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле министрлик тарабынан Баткен коогалаңында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө акча каражаттары берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
6
6
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















