Коргоо министрлиги: Бутага таамай атуу мелдешинде офицер, подполковник Айбек Барпиев 1-орунду алды
Кечээ, 21-февралда Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер
лицейинде коргоо мекемесинин аскер кызматчылары
арасында Макаров тапанчасынан таамай атуу боюнча биринчилик мелдеши өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, сынакта ар бир катышуучу өзүнүн
табелдик куралынан ок атып,
зачётторду тапшырды. Эң көп упай топтогон Башкы уюштуруу-мобилизациялык
башкармалыгынын офицери, подполковник Айбек Барпиев 1-орунду алды. Ал эми 2-орунду Тарбия иштери
башкармалыгынын офицери, полковник Жаныбек Ташиков жана 3-орунду Башкы
ыкчам башкармалыктын офицери, полковник Бакыт Имангазиев багындырды.
Алдынкы орунду алгандарга акчалай сыйлыктар, грамоталар жана медалдар тапшырылды.
Мелдештин негизги
максаты - бутага таамай атуу жана ок атуу чеберчилиги боюнча аскер
кызматчыларынын деңгээлин көтөрүү. Иш-чара 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















