Бишкекте Мекенди коргоочулар күнүнө карата өспүрүмдөрдү патриоттуулукка үндөгөн иш-чара өттү
Бишкекте Мекенди коргоочулар күнүнө карата жаш муунду патриоттуулукка
үндөө максатында иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу 22-февралда Шаардык ички иштер башкы
башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Свердлов РИИБинин өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясы тарабынан уюшулган жолугушууга 9-10-класстардын окуучулары
катышты. Жеке курам менен иштешүү бөлүмүнүн командиринин орун басары, майор
Өмүрбек Сагынбаев: “Жаштардын аскер кызматына болгон кызыгуусу бар экени
кубандырат. Бүгүн солдаттардын күнүмдүк жашоосунун өзгөчөлүгүн көрсөткөнгө
аракет кылабыз. Мекенди коргоо - ар бир уландын ыйык милдети. Кыздар үчүн да
кызыктуу жана пайдалуу болот деп ишенем”,- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















