super.kg logo
  Саясат  

Шашылыш билдирүү: Эртең, 23-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

 
23-25-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, эртең өлкө боюнча мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо бороон болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 
Абанын температурасынын кескин төмөндөп кетиши кыштоо жайыттарда мал кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 
21-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: